Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Акча-кредит саясаты (Monetary policy) —Борбордук банктын акча сунушун, банк тутумунан экономикага келип түшкөн кредиттик агымдарды жана акча рыногундагы пайыздык чендерди жөнгөсалуу аркылуу анын негизги максатына жетишүү үчүн багытталган саясат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА-КРЕДИТТИК САЯСАТ – экономикалык өсүштү жөнгө салууга, акча кунунун түшүп кетүүсүн токтотууга, төлөм каражатынын иштөөсү менен теңелүүсүн камсыз кылууга багытталган акча жүгүртүмү менен кредит чөйрөсүндөгү ишчаралардын жыйындысы; мамлекеттин өндүрүш жүрүмүнө кийлигишүүсүнүн өтө зарыл усулунун бири катары кызмат кылат. КРУБ сомду коргоого жана анын туруктуулугун камсыз кылууга багытталган мамлекеттик А-к. с-ын жүргүзөт.